2025-05-12 05:21:30 32
Билим берүү жана изилдөө борборунда климаттык технологиялар, энергияны үнөмдөө жана инженердик системалар жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого болот.
Бүгүн, 29-апрелде Ош мамлекеттик университети менен LG Electronics компаниясынын Кыргызстандагы расмий дистрибьютору болгон PolyTechnology компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлдү. Документте окуу жайдын базасында жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө Академиясын түзүү, Кыргызстандын түштүк аймагындагы курулуш тармагы үчүн квалификациялуу инженер кадрларды даярдоо, иштеп жаткан адистердин билимин өркүндөтүү системасын алдыга жылдыруу каралган.
Келишим түзүүгө PolyTechnology компаниясынын өкүлү Жапар Усенов, LG Electronics компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү Чыңгыз Усенов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат катышты.
Академия заманбап LG климаттык жабдуулары, BIM (Building Information Modeling) шайкеш программалык камсыздоолор менен жабдылат. Студенттер жана адистер үчүн окуу оффлайн жана онлайн форматтарда, анын ичинде LGнин эл аралык академиялары менен кызматташтыкта өткөрүлөт. Долбоор туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде ишке ашырылат. Тагыраагы, курстардан түшкөн каражаттар академияны каржылоого, жаңы билим берүү программаларын түзүүгө жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жумшалат.
ОшМУдагы жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө академиясынын түзүлүшү аймактардагы кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.