ОШМУнун стартаперлери «Сууну берүү кезегин башкаруу платформа» долбоору менен BATKEN 4.0 хакатонунун жеңүүчүсү болушту.

2025-04-23 11:46:25 18

ОшМУнун стартаперлери BATKEN 4.0 хакатонунун жеңүүчүсү болушту

2025-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган BATKEN 4.0 хакатонунун финалдык этабы ийгиликтүү өттү. Бул масштабдуу иш-чара 2025-жылдын 18-мартынан 21-апрелине чейин өткөрүлүп, аймактык өнүгүү үчүн инновациялык стартаптарды ишке ашырууну көздөдү.

Хакатонго Кыргызстан боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки 90го жакын стартапер катышып, алардын ичинен 50сү жарым финалга өтүштү. 15 команда финалдык баскычка чыгып, өз идеяларын, бизнес-моделдерин жана продукттун минималдуу жашоого жөндөмдүү версияларын (MVP) сунушташты.

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркынан чыккан AgroTech командасы «Суу берүү кезегин башкаруу платформасы» аттуу санариптик долбоору менен айырмаланып, 2-орунду ээлеп, 60 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушту.

ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү иштеп чыккан санариптик платформа фермерлерге сугат суусун берүү кезегин ачык-айкын башкарууга, ошондой эле сугат шлюздарын ижарага алууну жеңилдетүүгө багытталган. Бул прототип аймактардагы агрардык процесстерди санариптештирүү жаатында маанилүү кадам катары бааланууда.

Хакатондун негизги максаты – студенттик жана жаштар ишкердүүлүгүн колдоо менен бирге, Кыргызстандын аймактары үчүн заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат.