2025-04-18 05:44:27 12
“Туризм чөйрөсүндө материалдык эмес маданий мурастарга негизделген кол өнөрчүлүк бизнесин башкаруу жана өнүктүрүү” аталышында тренинг ОшМУнун Бизнес паркында өтүп жатат.
Окутууга Ош облусундагы көл өнөрчүлөр, ОшМУнун колледж, факультет, институттарында кол өнөрчүлүк менен алектенген окутуучулар жана стартапер студенттер катышууда. Алар бул тармактагы бизнес жүргүзүүнүн жана маркетингдин негизги принциптери менен таанышат. Продукциянын өздүк наркын эсептөө, кол-өнөрчүлүк жана туризм тармагына ылайыкташкан маркетинг стратегиясын түзүү жөндөмдөрүн да өнүктүрүшөт.
“Тренинг учурунда стартаперлер өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, канткенде кол өнөрчүлүк продукциясын рынокко алып чыгуу, этно продукциялар аркылуу Кыргызстандын атын чыгаруу, өлкөгө келип жаткан туристтерге таанытуу максатындагы кызыктуу темалар берилүүдө. ОшМУнун Бизнес паркы тарабынан донорлор менен биргеликте ушундай окутуулар байма-бай өтүп турат”,-деди Бизнес парктын директору Эрлан Камалов.
«Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн чыгармачылык лабораториясы» долбоорунун тренинги 16-апрелде башталып, 17-апрелде жыйынтыкталат. Иш-чара CACSARC-kg коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган.
Тренинг Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргызстандын ЮНЕСКО уюмундагы Улуттук комиссиясынын колдоосунун астында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эл аралык программанын алкагында өткөрүлүүдө.