«Инклюзивдүү билим берүүгө карай жол: көйгөйлөр, келечектер жана чечүү жолдору» илимий-практикалык конференциясы

2025-04-16 09:40:49 14

«Инклюзивдүү билим берүүгө карай жол: көйгөйлөр, келечектер жана чечүү жолдору»
илимий-практикалык конференциясы

2025-жылдын 10-апрель күнү ОшМУнун “Экономика, бизнес жана менеджмент” институту жана Бизнес паркынын колдоосу менен “Социалдык иштер” кафедрасы жана Социалдык клиника тарабынан инклюзивдүү билим берүүнүн өзгөчө маселелерине арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул иш-чара Илим жумалыгы чөйрөсүндө уюштурулуп, төмөндөгү максаттарды көздөдү:

  • Магистранттардын диссертациялык ишин сыноодон өткөрүү.

  • ОшМУнун ички гранты тарабынан колдоого алынган илимий-изилдөө долбоорунун сунуштарын коомчулукка тааныштыруу.

  • Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүүнүн көйгөйлөрү, келечеги жана чечимдерин талкуулоо.

Конференциянын негизги темалары:

  1. Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүү борборунун платформасы/веб-сайты – азыркы абалы жана алдыдагы өнүгүүсү.

  2. Инклюзивдүү билим берүүнүн теориялык жана практикалык маселелери.

  3. Майыптыгы бар адамдарды колдоонун социалдык жана укуктук механизмдери.

  4. Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү тәжирибени киргизүүнүн мисалдары.

Конференцияга илимпоздор, окутуучулар, студенттер, мамлекеттик мекемелердин жана НКОлордун өкүлдөрү катышып, натыйжалуу талкуулар жүргүзүп, эффективдүү чечимдерди издешти.

Уюштуруучулар катышкандардын жана өнөктөштөрдүн инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө кошкон салымына чоң ыраазычылык билдиришет!