2025-03-24 04:37:29 28
20-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө технологияларды трансферлөө боюнча кеңсенин онлайн жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуунун негизги максаты университеттерде жана илимий-изилдөө институттарында иштелип чыккан илимий иштеп чыгууларды жана технологияларды натыйжалуу коммерциялаштырууга көмөктөшүү болду.
Иш-чара CLDP (Commercial Law Development Program) колдоосу менен уюштурулуп, Бостон жана Корнелл университеттеринин профессорлору менен онлайн жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда катышуучуларга технологияларды коммерциялаштыруунун натыйжалуу жолдору боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.
Бул программага Ош мамлекеттик университетинин (ОШМУ) Бизнес паркы да активдүү катышып, керектүү маалыматтарды алып, келечекте кызматташууга даяр экенин билдирди.
Технологияларды трансферлөө жана илимий иштеп чыгууларды бизнес чөйрөсүнө интеграциялоо багытында мындай иш-чаралар мындан ары да өткөрүлүп, илим жана инновацияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.