TEKNOFEST–2026: ОшМУ жаштарын дүйнөдөгү ири технологиялык жарыштарга чакырабыз

2026-04-15 07:21:03 0

Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин окуучулары, студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучулары! 2026-жылкы TEKNOFEST технологиялык жарыштарына каттоо башталды! Дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы быйыл Түркияда 30-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Жалпы 52 категория боюнча жарыш уюштурулуп, 75 млн түрк лирасы сыйлык жана 100 млн лирадан ашык материалдык колдоо каралган. Каттоо мөөнөтү: 5-мартка чейинКатталуу: www.teknofest.org  Каттоо боюнча суроолорго жооп алуу үчүн бир жолу гана болуучу онлайн маалыматтык семинарга төмөнкү шилтеме аркылуу катышууга чакырабыз: 27.02.2026 16:00  https://meet.google.com/gew-gfgc-uej Келечектин технологиясын бирге түзөлү! ОшМУнун Бизнес паркынын командасы