2026-04-15 06:09:50 0
Alatoo Hub Battle 2026 — студенттик стартаптар чемпионаты Сен студентсиңби жана стартапыңа каржылоо кайдан табууну билбей жатасыңбы?Alatoo Hub Battle 2026 — бул стартаптар идеядан ишке ашырууга чейинки жолду өтүп, эң мыкты долбоорлор каржылык колдоо жана эксперттик жардам ала турган иш-чара. Бул чемпионат студенттик ишкерчиликти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чара ар түрдүү университеттердин студенттерин, ишкерлерди, инвесторлорду жана рынок эксперттерин бириктирет. Катышуу үчүн эмне керек: команда түзүп, стартап идея иштеп чыгуу; долбоордун баалуулук сунушун түзүп, максаттуу аудиторияны аныктоо; иштеген MVP (прототип) даярдап, рынокто тестирлөө; МУАда стартап-тренингден өтүү; долбоор боюнча күчтүү презентация даярдоо. Катышууга чакырылат: бакалавриат жана магистратура студенттери; 2ден 5ке чейин адамдан турган командалар; мурда инвестиция же грант албаган прототипи бар долбоорлор. Долбоор багыттары:EdTech, FinTech, AgriTech, HealthTech, CyberTech, Robotics, BioTech, GameTech, IndustrialTech. Финал:2026-жыл, 8-апрельЭл аралык “Ала-Тоо” университети(Анкара көчөсү 1/8) Финалда тандалган 20 команда 5 байгелүү орун үчүн ат салышат жана ар бири 1000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алышат. Арыздарды кабыл алуу:2026-жыл 23-февралдан 15-мартка чейин Дареги:ОШМУ Бизнес паркАбсамат Масалиев проспекти, 93/9106-кабинет Байланыш номери: +996 503 440 705 Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! Стартап идеяңды ишке ашырууга кадам ташта!