2026-04-15 06:07:02 0
Студенттер жана жаш инноваторлор үчүн! КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» «ШКУнун 100 келечектүү инноватору» эл аралык фестивалына катышуу үчүн конкурстук тандоо жарыялайт. Өтчү жери: Ташкент ш., Өзбекстан Убактысы: 2026-жылдын апрель айы Фестивалдын алкагында: • Робототехника боюнча олимпиада • Дрон башкаруу боюнча олимпиада • Инновация жана стартаптар конкурсу Кимдер катыша алат? Кыргыз Республикасынын 17–30 жаштагы жарандары, төмөнкү багыттардагы долбоорлор менен: • илим жана технология • санариптик чечимдер • туруктуу өнүгүү • инновация жана стартаптар Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-ж. 20-февралга чейин Байланыш: 0503 44 07 05 Дарек:Ош мамлекеттик университети (ОшГУ), Бизнес ПаркАбсамат Масалиев проспекти, 93/9 Тандоонун жобосу жана талаптар: https://drive.google.com/file/d/1LYyCuwqa8lQ4Txdrxh6V7_aK9aFFP8MQ/view Эл аралык деңгээлде өз долбооруңду көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк!